Чек арада жаңжал. Маселе таш бараң менен чечилбейт
Аптанын шаршембиси, 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасынын бейтарап аймагында Тажикстан Республикасынын Согди облусунун төрагасы Раджаббой Ахмадзода менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиевдин жолугушуусу өтүп, анда такталбаган чек ара тилкелеринде мыйзамсыз курулуштарга жол бербөө жана сугат суу маселелерин жергиликтүү деңгээлде сүйлөшүүлөр аркылуу чечип алуу макулдашылган. Мындан сырткары, райондук жетекчилер жума сайын, облус жетекчилери айына эки ирет жолугуп турушмай болушкан. Тилекке каршы, сүйлөшүүлөр жыйынтыкталгыча эле, кечке жуук кыргыз-тажик чек арасында кезектеги жаңжал орун алып, чыңалган курч кырдаал бүгүнкүгө чейин сакталууда.
Бул окуянын чоо-жайы боюнча өлкөбүздүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы кечээ, 29-апрелде расмий билдирүү таратты. “Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы Ак-Суу дарыясынын жээгинде болжолдуу чек ара сызыгынан 2-3 метр аралыкта тажик жарандары шагыл жүктөп кетүүгө аракет кылган. Кыргызстандын чек арачылары тажик жарандарынан бул аракеттерди токтотууну талап кылган. Алар макул болушпагандыктан, курал колдонулаары эскертилген.Бирок, курал колдонуу болгон эмес” деп айтылат билдирүүдө. Ал эми кырдаалды кыргыз тарап курчутуп жатат деген кошуналардын социалдык тармактардагы маалыматтары чындыкка дал келбейт. Ошондуктан, УКМКнын Чек ара кызматы коңшу өлкөнү соцтармактар аркылуу чагымчылдык кылбоого чакырды.
Ал эми Өмүрбек Суваналиевдин айтымында, абалды турукташтыруу боюнча бардык аракеттер көрүлүүдө. Жергиликтүү тургандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча да иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Тактап айтканда, Көк-Таш айылынын жашоочулары коопсуз аралыктарга көчүрүрүлдү. Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Ош — Баткен — Исфана автожолунун Төрт-Көчө аралыгы убактылуу жабылды.
Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын версиясы боюнча жаңжал «Головной» суу бөлүштүргүчүндө, 28-апрелде, саат 16:00дө башталган. Эки тараптын таш бараңдашуусунун натыйжасында Исфара районуна караштуу Ходжа Аъло кыштагынын жети туругунуна таш тийип, ар кандай жаракат алышкан. Ал эми башка маалыматтарда окуя учурунда төрт кыргызстандык жана беш тажикстандыктын жаракат алганы айтылат. Алардын ичинен бир кыргыз жаранына ок тийип, ооруканага жеткирилген, абалы оор.
“Эки өлкөнүн чек арасында кырдаалды курчутууга кызыкдар күчтөр бар. Бирок, азыр абал көзөмөлдө. Биз эки элдин кагылышуусуна жол бербейбиз”, — деди Ө.Суваналиев.
Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасынын жалпы аралыгы 970 чакырымды түзөт, бүгүнкүгө чейин анын 504 чакырымы гана такталган. Эгемендүүлүк алган 30 жылдан бери кошуналар талаштуу 70 аймактын башын ача албай келет.
Тажикстан сөз болуп жаткан “Головной” суу бөлүштүргүчүн 1924-1927 жана 1989-жылдарда түзүлгөн карталарга ылайык өзүбүздүкү деп эсептешет. Бирок, бул объектинин кайсыл тарапка таандык экендигин чек ара такташуу боюнча өкмөттүк комиссиялар аныкташы керек.
Негизи кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатактар буга чейин көп ирет, ал турсун пандемияга карабастан, 2020-жылы да кайталанган. Эки өлкө жетекчилигинин чек ара талаштарын чечүү аракеттери азырынча майнапсыз болууда. Такталбаган чек ара тилкелеринен тышкары, суу тартыштыгы күтүлүп жаткан үстүбүздөгү жана кийинки жылдары суу талаштан улам жогорудагыдай жаңжалдар дагы орун алышы мүмкүн. Андыктан, мамлекет жетекчилери эки элдин касташуусуна жол бербеш үчүн колдон келген аракеттердин баарысын жасоолору кажет.
Акыркы маалыматтарга токтолсок, жаңжалдуу аймакта абалды турукташтыруу боюнча кошуна облустардын башчылары Өмүрбек Суваналиев менен Раджаббой Ахмадзода, ошондой эле күч түзүмдөрүнүн жетекчилери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө.
Эскертүү: Маалыматтар жаңыланып турат.