ЧЕК АРАНЫН БЕКЕМДИГИ – КООПСУЗДУКТУН КЕПИЛДИГИ
Үстүбүздөгү жылдын 29-апрелинде Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын чектешкен жериндеги Стелла аймагында, тагыраагы Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Кошмоло жерлигинде кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу иштери башталган. Чек араны тосуу иштери үчүн бул аймакка атайын талаа шаарчасы курулуп, чек арачылар үчүн шарттар түзүлүп, атайын техникалар менен камсыздалган. Биринчи этапта 420 чакырым аралыкта кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасына зым тартылмакчы. Чек арага зым тартуу иштерин ушул жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалган. Учурда кыргыз-тажик чек арасында зым тартуу иши кызуу жүрүп жатат.
Бул күндү канча жылдан бери чыдамсыздык менен күттүк эле, Президент Садыр Жапаровдун саясий эркинин, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин көшөргөн көсөмдүгүнүн натыйжасында ал күнгө да жеттик. Тээ Союз куралгандан бери башталган жүз жылдык талаш-тартышка чекит коюлуп, чек арага зым тартууга кириштик. Эч кимге жашыруун эмес, чек арадагы жаңжалдар, куралдуу кагылыштар, өмүрдүн гүлүн соолуткан кандуу окуялар кыргыз элинин көкөйүнө көк таштай тийип, жүрөктөрдү зыркыратып, жүлүндөрдү сыздатып келди. Айрыкча чек арага жакын жашаган мекендештерибиз азабын аябай тартып, коогалаңдар катталган сайын үй-жайы, жыйган-тергени өрттөнүп, өмүр бою жыйган-терген мүлктөрү көккө сапырылып кетти. Бул жалпы кыргыздын трагедиясы эле.
Ачык айтышыбыз керек, мындай абалга 30 жылдан бери тарыхтагы жетекчилер алып келди. Керт башын ойлогон экс-президенттер чек араны чечүүгө батынмак тургай, аракет да кылышкан жок. Чек араны жергиликтүү эл кайтарып, ондогон жылдар аралыгында сойломо экспанцияга таш-кесек кармап каршы турду. Жерди коргоп калыш үчүн колдорунан келгенин жасап, көкүрөгүн тосконун баарыбыз эле көрүп турдук. Бирок, миллиондогон эл жашаган өрөөндөгү кыжылдаган адамдар туш-тараптан тумшугун тыгып, бир топ жерлерден айрылып калдык. Аны ошол аймактагы жергиликтүү жашоочулар абдан жакшы билишет. Бир нече айылдагы шахматтык тартиптеги үйлөр мына ошол сойломо экспанциянын жыйынтыгы.
Ток этээрин айтканда, чек аранын чечилбей турушу бизге каршы иштеди. Такталбай турган, талаш жараткан жерлерди кошуна өлкөдөгү миллиондогон калктын тыгылып чыгып ээлеп алышына ондогон жылдар бою шарт түзүп бердик. Анан дагы А.Мадумаров өңдүү жетекчилер талаштуу жерлерди ижарага алып, чыккынчылык иштерди жүргүздү. Ошол келишимден кийин Төрт-Көчөнүн ылдый жагындагы сайга жүздөгөн үйлөр курулганын Көк-Таш, Самаркандек айылындагы адамдар көзүнүн жашын көл кылып айтып жүрүшөт. Бул жерде өтө кыянат иш жасалганын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев дагы Жогорку Кеңештин жыйынында кеңири айтып бергенине күбө болдук. Айтор, кыргыздын кызыкчылыгына каршы келген иштер өкүм сүрүп, чек аранын чечилиши боюнча үмүттөр үзүлүп калган эле.
Чек ара чечилбейт окшойт деген пикирлер көбөйүп, чыр-чатактуу аймактагы айылдардын тургундары көчүп кете баштаган. Бир эле мисал, чек ара такталган маалда билдик, алмашылган Достук айылында 80% жашоочулар жок экен. Чек арага жакын башка айылдарда деле ушундай көрүнүш өкүм сүрүп калган. Анткени, чек ара көйгөйү жүздөгөн жылдардан бери чечилбеген өлкөлөр бар. Мисалы, Индия менен Пакистан ортодогу Кашмир өрөөнүн талашып келе жатат, бул аймакта дээрлик жыл сайын ондогон адамдардын өмүрү кыйылат. Жакында дагы кырдаал курчуп, бир нече адамдын өмүрү кыйылып, АКШнын ортомчулугу менен араң токтоду.
Эгер бизде да чек ара чечилбей, кошуналар менен ыркырашкан абалда турсак, чыр-чатактар улана бермек. Бул жерде абдан чоң иш жасалды. Чек аранын чечилишине каршы чыгуу – бул чыккынчылык. Ооба, бүгүнкү бийлик дагы сырттагы күчтөрдүн жемин жеген сынчыларга жаманатты болбоюн деп Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев, Жээнбековдор сыяктуу «чек ара маселесин угузбагыла» деп койсо деле болмок. Бирок, Садыр Жапаров андай кыянатчылыкка барбады. Мамлекеттин бүтүндүгү, элдин тынчтыгы үчүн башын байлап, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге тапшырманы берип, Өзбекстан жана Тажикстан менен болгон чек араны аягына чыгарды. Бул чыныгы эрдик. Муну баалоого милдеттүүбүз. Чек ара чечилбесе, бизде көптөгөн коркунучтар тооруп турмак.
Коркунучтардын биринчиси, Борбордук Азияда Фергана өрөөнү дүйнөдөгү калк жыш жайгашкан жерлердин бири болгондуктан, жогоруда айткандай сойломо экспанция бизди муунтмак. Белгилүү болгондой, калк көп жашаган жерде сөзсүз жер тартыш болот. Фергана тургундарынын дээрлик 70-80%ы жер айдап дыйканчылык менен алектенгендиктен, ар бир жер тилкеси маанилүү. Ошол эле кезде өрөөндө жакырчылык маселеси 40%ды түзөт. Айрыкча 90-жылдардагы калктын социалдык-экономикалык абалы Кыргызстанда ички жана сырткы миграцияны күчөтүп, Ош жана Баткен облусунда Кыргызстан тарапты көздөй кирип кеткен Өзбек, Тажик айылдары пайда боло баштаган. Бул бүгүн токтобосо, бизди келечекте түз эле Карабах маселесине алып барып такамак.
Коркунучтардын экинчиси – суу маселеси. Дыйканчылык болгон жерде суу абадай эле керек. Фергана өрөөнү кургакчыл келгендиктен, суу алтындан да кымбат. Айрыкча климаттын өзгөрүшү бүгүн суу маселесин ого бетер тереңдетип жатат. Чек ара чырларында сугат каналдарын талашкан учурлар болгон. Келечекте суу чоң көйгөйдүн бирине айланары турган иш. Мындай шартта чек араны чечип, чекит койбосок, коңшу мамлекеттер менен бир компромисске келип, кылдаттык менен чечип албасак, келечекте бул регионалдык бомбага айланышы мүмкүн эле. Кырчылдашып кыл чайнашкан абалга кептелмекпиз. Андай учурда чек араны чечиш огобетер оорломок. Мындайча айтканда, келечек муунду азап тарттырып, кендирин кесмекпиз.
Үчүнчү коркунуч коопсуздук маселесинде турат. 2021-жылы АКШ жана НАТО аскерлери Ооганстандан чыгып кеткенден кийин, Борбордук Азия мамлекеттери үчүн регионалдык коопсуздук маселеси да биринчи планга чыкканы эч кимге жашыруун эмес. Талибан бийлигинин өкүлдөрү “Үч күндө Тажикстан бийлигин алып коёбуз” деген билдирүүлөрүн жасап келет. Региондогу социалдык-экономикалык кыйынчылыктар, диний идеологиянын кулач жайышы жаштардын радикалдашуусуна алып келүүдө. Эгер экстремизмдин толкуну арбыса, башы Ооганстандан башталып, аягы Казакстандан бүтпөйт деп бүгүн эч ким кепилдик бере албайт. Ага кошумча, баңги бизнеси күчүндө. Региондо наркотрафиктин мындай гүлдөп атышынын бирден-бир себеби – Фергана өрөөнүндө чек аралардын бекемделбегенинен улам болууда. Чек аранын чечилиши – бул коркунучтардын дагы алдын алат.
Жогорку Кеңештин депутаты Камила ТАЛИЕВА:
— Чек аранын чечилишин ондогон жылдардан бери күтүп келгенбиз. Президент саясий эркин көрсөтүп, чекит койду. Жоопкерчиликти мойнуна алган Камчыбек Кыдыршаевичке элдин атынан жана өзүмдүн атымдан дагы бир ирет ыраазычылык билдирем. Жакында элге барып ушунчалык дух берип, “Президенттин тапшырмасын аткарганы келдим, чек арага зым тартуу иштерин баштайбыз” деп элге чоң кубанычты жарыя кылган. Учурда тартылып жатат. Биздин мамлекетибиз бекемделип, чыныгы эгемен мамлекет экенибизге эми накта ишенсек болот.
Коомдук ишмер Ибрагим ЖУНУСОВ:
— Чек арага зым тартылышы – эки мамлекеттин ортосундагы чек ара маселесине биротоло чекит коюлуп жатканын айгинелейт. Чек араны тактоо процесси дал ушундай болот. Бекеринен делимитация, демаркация деп айтылбайт. Делимитация бүткөндөн кийин демаркацияга өтүш керек. Бул экинчи кадам болуп саналат. Эгер бул процесстер кагаз жүзүндө калып кала турган болсо, кийин эки мамлекеттин ортосунда дагы талаш-тартыштар пайда болушу мүмкүн эле. Ошондуктан, зым тартылып башталганы абдан жакшы. Чек ара тынч болсо, уйкуң тынч болот.
Зулпукаар САПАНОВ