Черногория Кыргызстан менен туризм жаатындагы кызматташтыкты кеңейтет

2-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 156

Черногориянын туризм министри, UN Tourism уюмунун Европа боюнча комиссиясынын төрайымы Симонида Кордич Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди.

Сапардын алкагында эки өлкөнүн өкүлдөрү туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, туруктуу туризм жана аймактык демилгелерди европалык туристтик программаларга интеграциялоо маселелерин талкуулашат.

Мындан тышкары, Симонида Кордич Кыргызстанда өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына катышат.

Иш сапар Кыргызстан менен Черногориянын туризм тармагындагы кызматташтыгын кеңейтүүгө жана тажрыйба алмашууга багытталган.

2-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 156
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X