Чүй проспектинде кырсыкка кабылган автобустун айдоочусу текшерүүдөн өткөн жана жол баракчасы болгон

19-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 122

«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы 15-октябрда Чүй проспектисинде жол кырсыгына кабылган автобустун айдоочусу наркологиялык текшерүүдөн өтпөгөнү жана жол баракчасы болбогону тууралуу маалыматтарды четке какты.Возможно, это изображение учеба, отрывной талон, дневник и текст

Ишкананын маалыматына караганда, №38 каттамда жүргөн «Zhongtong» үлгүсүндөгү автобустун айдоочусу кырсык болгон күнү эртең менен саат 07:30да наркологиялык текшерүүдөн өтүп, андан кийин каттамга чыккан. Анын жол баракчасы да белгиленген тартипте таризделген.

Кырсыктан кийин окуя болгон жерге келген Жол кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери айдоочуну алкоголдук мас абалын аныктоо жана окуянын жагдайларын тактоо үчүн медициналык текшерүүгө алып кетишкен. Ошол учурда айдоочунун жанындагы документтер, анын ичинде жол баракчасы да алынган.Возможно, это изображение светокопия, отрывной талон и текст

Муниципалдык ишкана айдоочу наркологиялык текшерүүдөн өткөнү жана жол баракчасы болгондугу тиешелүү документтер менен тастыкталарын белгиледи.

19-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 122
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X