Чүйдө 18 курулуш объектиси текшерилип, 1 млн сом айып пул салынды
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы үч айыл аймагында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында 18 объект каралып, мыйзам бузуулар үчүн жалпы 1 млн сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди.
Текшерүү Бек-Тоо, Кара-Жыгач жана Таш-Мойнок айыл аймактарында жүргүзүлдү. Анда кум-шагыл аралашмасын казып алуу жана иштетүүчү жайлар, бетон аралаштыргыч, майдалоо-сорттоо жана эритме-бетон орнотмолору, ошондой эле кирпич заводу текшерилди.
Инвентаризациянын жыйынтыгында 18 объекттин жетөө мыйзамдуу негизде иштеп жатканы аныкталды. Калган объектилерде шаар куруу жана архитектура мыйзамдарынын сакталышы, долбоордук жана уруксат берүүчү документтердин болушу текшерилип, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды.
Мыйзам бузууларга байланыштуу чарба жүргүзүүчү субъекттерге административдик чаралар көрүлдү.
Мындан тышкары, «Сэнд», «Авира Групп», «Масер Микс», «Вайлер Строй» жана «Жагалман» жоопкерчилиги чектелген коомдорунун ишмердүүлүгү да каралды.
Калган объектилер боюнча текшерүү иштери улантылууда.