Чүйдө дагы 5 чакырым жолго асфальт төшөлдү
Чүй облусунун Сокулук районундагы Романовка – Камышановка автомобиль жолунун 5 чакырым тилкесине асфальт төшөө иштери толугу менен аяктады.
Быйылкы планга ылайык, жолдун ушул бөлүгүн асфальт-бетон менен төшөө каралган. Учурда №1 Жол эксплуатациялоо мекемеси белгиленген иштерди толук бүтүрдү.
Жолдун оңдолушу жергиликтүү тургундар үчүн каттамды ыңгайлуу жана коопсуз кылып, айдоочуларга жакшы шарт түзөт.
Өлкө боюнча автомобиль жолдорун куруу жана оңдоо иштери уланууда.