Чүйдө жылына 3 миң тоннага чейин балык иштетүүчү завод ачылды

15-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 103

15-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районунда «Салих Аква» балык чарба кластеринин курамындагы заманбап балыкты кайра иштетүүчү завод ишке кирди. Ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары министр Эрлист Акунбеков катышты.

Завод жылына 3 миң тоннага чейин даяр балык продукциясын чыгарууга жөндөмдүү. Ишканада форель, осетр жана балыктын башка түрлөрү терең иштетилип, даяр продукция өндүрүлөт.
Завод чийки затты кластерге караштуу чарбалардан гана эмес, башка ата мекендик балык өстүрүүчүлөрдөн да кабыл алат.


«Салих Аква» кластери өндүрүштүн толук циклин камтыйт. Анын курамында жылына 5 миң тоннага чейин балык тоютун өндүрүүчү ишкана, балык икрасын инкубациялоо жана чабак өстүрүү багыттары, форель жана осетр чарбалары, ошондой эле кара икра өндүрүү ишканасы бар.2022-жылдан бери кластерди өнүктүрүүгө жалпысынан 10 млн долларга жакын инвестиция тартылган. Анын ичинен 6,355 млн долларын Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду каржылаган. Жаңы заводдун ишке кириши ата мекендик балык продукциясын кайра иштетүүнү кеңейтүүгө жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатууга багытталган. Ошондой эле жергиликтүү балык өстүрүүчүлөр менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана кошумча жумуш орундарын түзүүгө шарт түзөт.

15-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 103
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X