Чүйдөгү мектеп-интернатта 14 жаштагы өспүрүм сабалды
Чүй облусундагы жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн мектеп-интернатта 14 жаштагы өспүрүм сабалып, жаракат алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 27-сентябрдан 28-сентябрга караган түнү саат 23:00 чамасында болгон. Жабырлануучунун айтымында, өзүнөн эки жаш улуу тарбиялануучу аны бир нече жолу урган.
Институттун кызматкерлери баланын бетинен, көзүнүн айланасынан шишиктерди жана көгөргөн тактарды, ошондой эле денесинен башка жаракаттарды аныкташкан. Өспүрүм көзү начар көрүп жатканын да билдирген.
Акыйкатчы институту интернаттын жетекчилиги баланы өз убагында медициналык кароодон өткөрбөгөнүн, окуя болгон түнү жатаканада нөөмөттөгү тарбиячылар болбогонун жана милицияга кабар берилбегенин белгиледи.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева тиешелүү мамлекеттик органдарды балдардын коопсуздугун камсыз кылууга жана буллинг менен зомбулуктун алдын алуу иштерин күчөтүүгө чакырды.
Белгилей кетсек, учурда 100 балага ылайыкталган интернатта 88 тарбиялануучу жашайт.