COVAXдын алкагында Кыргызстанга медициналык каражаттар келди

20-апрель, 2021-ж. / Редакция / Медицина 12

Кыргызстанда 423 миң шприц жана колдонулган медициналык каражаттарды коопсуз шартта жок кылуу үчүн, COVAX эл аралык программасынын алкагында 3825 даана куту келди.
Бул коронавирус илдетине каршы эмдөө жүргүзүү алкагындагы глобалдык жардамдын биринчи партиясы. COVID-19 илдетине каршы вакцинаны Кыргызстанда ишке ашырууда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, «ЮНИСЕФ», CEPI, GAVI эл аралык уюмдары өнөктөштүк кылууда.

20-апрель, 2021-ж. / Редакция / Медицина 12
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X