COVID-19: 20-августка карата статистика

20-августка караган суткада, Кыргызстандын аймагында коронавирус дагы 242 адамдан аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык:

Бишкек шаарында — 81, Ош шаарында — 8, Чүй облусунда — 71, Ош облусунда — 12, Талас облусунда — 11, Нарын облусу — 11, Ысык-Көл облусунда — 24, Жалал-Абад облусунда — 9, Баткен облусунда 15 адамдан илдет табылган.

Бир суткада COVID-19 илдетинен Бишкекте -4, Ысык-Көл облусунда -1 бейтап каза болду.

Ошондой эле 6 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 700 медицина кызматкерине коронавирус жукса, алардын ичинен 6 миң 353 медкызматкер айыгып чыкты.

2020-жылдын март айынан бери 173 миң 428 адам коронавирус илдети тастыкталса, анын ичинен 165 миң 368 киши айыгып, 2 миң 473 адам каза болгон.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X