COVID-19: 4-октябрга карата статистика

Бүгүн, 4-октябрга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 43 адам COVID-19 диагнозу менен катталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык:

Бишкек шаарында– 26, Ысык-Көл облусунда – 8, Чүй облусунда – 4, Талас облусунда —2, Жалал-Абад облусунда – 2, Нарын облусунда – 1 адамдан вирус аныкталды.

Акыркы суткада вирустан 1 бейтап көз жумду.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 178783 адам коронавирус менен катталган.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X