COVID-19: 6 бейтаптын абалы оор

18-апрелге караган суткада Кыргызстанда  коронавирустун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Өткөн суткада илдеттен 7 бейтап айыгып чыкса, стационарларда коронавирустан дагы 27 бейтап, амбулатордук түрдө 40 адам дарыланууда.

40 бейтаптын ичинен 18нин абалы орто оор, алтоонун абалы оор жана үчөө өтө оор абалда деп бааланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 980 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 331 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X