COVID-19: 88 кишиден вирус аныкталып, 2 бейтап каза болду

30-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Медицина 24

30-сентябрга караган суткада Кыргызстандын аймагында коронавирус дагы 88 адамдан аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында — 54, Чүй облусунда — 15, Ош облусунда — 1, Талас облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 12, Жалал-Абад облусунда — 3 адамдан илдет табылган.

Сутка ичинде Бишкекте-1, Баткен облусунда-1 бейтап каза болду.

2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 178 миң 532 адамдан коронавирус аныкталып, 173 миң 206 бейтап айыгып чыкса, 2 миң 607 адам каза болгон.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X