COVID-19: Бүгүн вирус 196 кишиден аныкталып, 4 бейтап каза болду
27-августка караган суткада Кыргызстандын аймагынан коронавирус дагы 196 адамдан аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык:
Бишкек шаарында — 65, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 33, Ош облусунда — 7, Талас облусунда — 10, Нарын облусу — 5, Ысык-Көл облусунда — 36, Жалал-Абад облусунда — 26, Баткен облусунда 12 адамдан илдет табылган.
Бир суткада COVID-19 илдетинен Бишкекте — 3, Ысык-Көл облусунда — 1 бейтап каза болгон.
2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 175 миң 9 адамдан коронавирус аныкталган, анын ичинен 168 миң 398 бейтап сакайса, 2 миң 507 адам каза болгон.