COVID-19: Бүгүн вирус 84 кишиден аныкталып, 2 бейтап каза болду

8-октябрга караган суткада коронавирус Кыргызстанда дагы 84 адамдан аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык:

Бишкек шаарында — 45, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда — 24, Ысык-Көл облусунда — 9, Жалал-Абад облусунда — 1, Баткен облусунда — 2 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада Бишкек шаарында -1, Ысык-Көл облусунда-1 бейтап каза болду.

Ушуну менен пандемия башталгандан тартып өлкөдө 179 миң 120 адамга коронавирус жуккан болсо, анын ичинен 173 миң 873 киши сакайып, 2 миң 616 адам каза болгон.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X