COVID-19: Бүгүн вирус 95 кишиден аныкталды

23-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Медицина 25

23-сентябрга караган суткада Кыргызстанда коронавирус дагы 95 адамдан аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык:

Бишкек шаарында — 44, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 20, Талас облусунда — 4, Нарын облусунда — 4, Ысык-Көл облусунда — 12, Жалал-Абад облусунда — 4, Баткен облусунда — 3 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада вирустан каза болгондор катталган жок.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 36 адамдан коронавирус аныкталган. 172 миң 565 киши сакайып чыкса, 2 миң 595 адам каза болгон.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X