COVID-19: Бүгүн вирустан дагы 4 бейтап каза болду

6-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Медицина 20

6-сентябрга карата алынган маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагында коронавирус дагы 109 адамдан аныкталган:

Бишкек шаарында — 36, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 31, Талас облусунда — 2, Нарын облусунда — 4, Ысык-Көл облусунда — 29, Жалал-Абад облусунда — 5, Баткен облусунда 1 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында — 3, Чүй облусунда -1 бейтап каза болгон.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө 176 миң 582 адамга коронавирус жуккан. Анын ичинен 170 миң 624 киши илдетти жеңген болсо, 2 миң 554 адам каза тапты.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X