COVID-19: Бүгүн вирус 63 кишиден аныкталып, 2 бейтап каза болду

13-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Медицина 27

13-октябрга караган суткада коронавирус дагы 63 адамдан аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Мааыматка ылайык:

Бишкек шаарында — 35, Чүй облусунда — 16, Ош облусунда — 1, Талас облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 8, Жалал-Абад облусунда — 2 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада Бишкек шаарында эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 430 бейтап, амбулатордук түрдө 623 адам дарыланууда.

2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 179 миң 492 адамга коронавирус жуккан, анын ичинен 174 миң 320 киши сакайса, 2 миң 624 адам каза болгон.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X