COVID-19: Бир суткада коронавирустан 4 киши каза болду

2-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Медицина 21

2-сентябрга караган суткада Кыргызстанда коронавирус дагы 142 адамдан аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык:

Бишкек шаарында — 59, Чүй облусунда — 28, Талас облусунда — 3, Нарын облусу — 3, Ысык-Көл облусунда — 33, Жалал-Абад облусунда — 2, Баткен облусунда 10 адамдан илдет табылган.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында -2, Чүй жана Баткен облустарында бирден бейтап каза болду.

2020-жылдын март айынан бери 176 миң 18 адамга коронавирус жуккан. Анын ичинен 170 миң 169 киши айыгып чыкса, 2 миң 536 адам каза болгон.

2-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Медицина 21
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X