COVID-19: Бишкекте реабилитациялык бөлүмдөр ачылууда

Бишкек шаарындагы бейтапканаларда коронавирус менен ооруп сакайгандар үчүн реабилитациялык жардам көрсөтө турган атайы бөлүмдөр ачыла баштады. Бул тууралуу Биринчи Май райондук Бириктирилген үй-бүлөлүк медициналык борборунун директору Мунаркан Өмүралиева билдирди. Өмүралиеванын айтымында, бөлүмдөргө психологдор, психиатрлар, дарылоо дене тарбиясы боюнча атайын окутулган инструкторлор тартылды.

Дарыгерлер коронавирус илдетинен сакайган бейтаптарда оорудан кийинки синдромдор узак мөөнөткө чейин сакталып, айрымдардын абалдары начарлаганын айтышууда. Реабилитациялык бөлүмдөр физиотерапия, укалоо аркылуу калыбына келтирүү, психологиялык жардам көрсөтүү үчүн бейтаптарды кабыл алышат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X