COVID-19: Эмдөөдөн 16 653 киши өттү
Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөдөн 16 653 киши өттү. Бул тууралуу маалыматты Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Аймактарда эмделгендердин статистикасы:
• Бишкек шаары — 1 917;
• Ош шаары — 1 501;
• Чүй облусу — 2 071;
• Ош облусу — 4 621;
• Ысык-Көл облусу — 1 371;
• Талас облусу — 656;
• Нарын облусу — 723;
• Жалал-Абад — 2 888;
• Баткен — 905.
Кыргызстан коронавируска каршы эмдөө Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен жүргүзүлүп, 29-март күнү башталган. 250 миң кишиге жете турган 500 миң доза вакцинаны Кытай тарап гуманитардык жардам иретинде берген.
22-апрелде Кыргызстанга Россиядан «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы келген. Анын 15 миңин Кыргызстан тарап өзү сатып алган. Россиядан келген вакцинанын бир дозасынын наркы — 10 доллар. Министрликтин маалыматына караганда, 20 миң доза 10 миң кишиге эсептелип, 65 жаштан жогоркулар жана өнөкөт оорусу бар жарандар эмделет.