"Эркин-Тоо"

COVID-19: Илдетке кабылгандарга эмне үчүн көп кыймыл керек?

Сергек жашоо жана активдүү кыймыл адамдын саламаттыгын чыңдоодо чоң роль ойнойт. Маселен, активдүү кыймыл кан басымы жогору болгон бейтаптардын кан басымын калыптандырат. Ашыкча салмак алуудан арылтып, жүрөк, кан-тамыр ооруларын алдын алат, мындан тышкары инсульт, экинчи типтеги кант диабети жана залалдуу шишиктер менен жабыркаган бейтаптарга дагы жардам берет. Ошондой эле сөөк жана булчуңдарды бекемдеп, адамдын жалпы абалын жакшыртат.

Коронавирус инфекциясына кабылган бейтаптар бир нече убакытка чейин жөтөлдөн арылбай дем алуусу узак мөөнөткө чейин калыбына келбейт. Андыктан оорулуунун абалына жараша жана дарыгердин көзөмөлүнүн алдында дем алуу көнүгүүлөрүн жасатуу пайдалуу. «Коронавирус илдетине кабылган бейтаптарга кыймыл жана дем алуу көнүгүүлөрү чоң жардам берет. Бул учурда кан айлануу жакшырып, сакайууга шарттайт», — дешет адистер.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!