COVID-19: Коронавирустан дагы 2 бейтап каза болду

13-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Медицина 22

13-сентябрга караган суткада Кыргызстанда коронавирус дагы 68 адамдан аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык:

Бишкек шаарында — 21, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда — 15, Нарын облусу — 4, Ысык-Көл облусунда — 8, Жалал-Абад облусунда — 4, Баткен облусунда 3 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада COVID-19 илдетинен Бишкекте 2 бейтап каза болду.

2020-жылдын март айынан бери 177 миң 226 адамдан коронавирус аныкталса, 171 миң 523 киши айыгып, 2 миң 574 адам каза болгон.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X