COVID-19: Учурда ооруканаларда абалы оор болгон 326 бейтап дарыланууда

6-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Медицина 17

КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин электрондук сайтындагы маалыматына ылайык, коронавирус илдетин илештирип учурда ооруканаларда дарыланып жаткан 845 адамдын арасынан 326 бейтаптын абалы оор бойдон калууда. Анын ичинен 74 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.

«Ал эми бир суткада 101 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 30, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 18, Ош облусунда — 5, Талас облусунда — 35, Нарын облусунда — 6, Ысык-Көл облусунда — 21, Жалал-Абад облусунда — 7, Баткен облусунда — 10 бейтап айыгып чыкты», — деп жазылат маалыматта.

6-сентябрга карата алынган маалыматка ылайык, Кыргызстанда жалпысынан 1 млн.182 миңден ашуун адам вируска каршы эмделди. Алардын 701 миңден ашууну вакцинанын биринчи дозасын алышкан.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X