COVID-19: Вирус 108 кишиден аныкталып, 3 бейтап каза болду

11-ноябрга караган суткада Кыргызстанда коронавирус дагы 108 адамдан аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылйык:

Бишкек шаарында — 47, Чүй облусунда — 35, Ош облусунда — 2, Талас облусунда −1, Ысык-Көл облусунда — 9, Баткен облусунда — 9, Баткен облусунда — 5 адамдан илдет табылган.

Сутка ичинде Бишкек шаарында, Чүй жана Баткен облустарында бирден бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 552 бейтап, амбулатордук түрдө 797 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 90 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 176 миң 510 киши айыгып чыкса, 2 миң 697 адам каза болду.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X