COVID-19: Вирус 382 кишиден вирус аныкталып, 7 бейтап каза болду

11-августка караган суткада коронавирус дагы 382 адамдан аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык:

Бишкек шаарында — 218, Ош шаарында — 5, Чүй облусунда — 52, Ош облусунда — 17, Талас облусунда — 5, Нарын облусунда — 10, Ысык-Көл облусунда — 39, Жалал-Абад облусунда — 11, Баткен облусунда — 25 адамдан илдет табылган.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте-4, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Баткен облустарында бирден бейтап каза болду.

Бүгүнкүгө алынган маалымат боюнча 8 медициналык кызматкеринен коронавирус аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 634 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 183 медкызматкер айыгып чыкты.

2020-жылдын март айынын бери 170 миң 353 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 160 миң 51 киши айыгып чыкса, 2 миң 420 адам каза болду.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X