COVID-19: Вирус 77 кишиден аныкталып, 2 бейтап каза болду

17-ноябрга караган суьткада Кыргызстанда коронавирус дагы 77 адамдан аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык:

Бишкек шаарында — 27, Чүй облусунда — 23, Ош облусуна −7, Талас облусунда −2, Ысык-Көл облусунда — 8, Жалал-Абад облусунда — 6, Баткен облусунда — 4 адамдан илдет табылган.

Сутка ичинде Ысык-Көлдө-1, Баткен облусунда-1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 521 бейтап, амбулатордук түрдө 734 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 605 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 108 киши айыгып чыкса, 2 миң 712 адам каза болду.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X