COVID-19: Вирус бүгүн 114 адамдан аныкталды. Каза болгондор бар.
21-октябрга караган суткада Кыргызстанда коронавирус дагы 114 адамдан аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык:
Бишкек шаарында – 54, Чүй облусунда – 36, Талас облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда –4, Баткен облусунда 4 адамдан илдет аныкталган.
Акыркы сутка аралыгында өлкө аймагында вирустан эки бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 640 бейтап, амбулатордук түрдө 560 адам дарыланууда.
2020-жылдын март айынан бери Кыргызстанда 180 миң 223 адам коронавирус жуктурган. Анын ичинен 174 миң 875 киши айыгып чыкса, 2 миң 643 адам каза болду.