COVID-19: Вирус бүгүн 229 кишиден аныкталып, 4 бейтап каза болду

25-августка караган суткада Кыргызстандын аймагында коронавирус дагы 229 адамдан аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык:

Бишкек шаарында — 102, Ош шаарында — 7, Чүй облусунда — 45, Ош облусунда — 8, Талас облусунда — 3, Нарын облусу — 12, Ысык-Көл облусунда — 27, Жалал-Абад облусунда — 14, Баткен облусунда 10 адамдан вирус аныкталган.

Сутка ичинде COVID-19дан Бишкек шаарында-2, Чүй облусунда-2 бейтап каза болгон.

2020-жылдын март айынан тартып өлкөдө 174 миң 576 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 167 миң 590 киши айыгып чыкса, 2 миң 498 адам каза болду.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X