COVID-19: Вирус бүгүн дагы 3 адамдын өмүрүн алды

20-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Медицина 13

20-октябрга караган сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус дагы 103 адамдан аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык:

Бишкек шаарында – 47, Чүй облусунда – 24, Ош облусунда — 4, Талас облусунда — 4, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда — 10, Баткен облусунда — 3 адамдан илдет жаңы табылган.

Сутка ичинде өлкөдө вирустан 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 604 бейтап, амбулатордук түрдө 542 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 180 миң 6 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 766 киши айыгып чыкса, 2 миң 638 адам каза болду.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X