Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсү боюнча, 17-апрелге караган суткада Кыргызстанда дагы 265 адамдан вирус тастыкталып, бул илдеттен эки адам каза болду. Көз жумган бейтаптар Бишкек шаарындагы ооруканаларда дарыланып жатышкан. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун саны 1546 адамга жетти.
Учурда ооруканаларда 1130 бейтап дарыланып жатат, дагы 1223 адам үй шартында дарыланууда.
Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4,5 миңге жетти, алардын жүздөн ашууну каза болду.
Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 91 639 адамга жетти.