COVID-19: Вирус дагы 331 кишиден аныкталып, 6 адам каза болду

Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүндө, 30-апрелге караган суткада өлкөдө дагы 331 кишиден вирус аныкталды.

Маалыматка караганда:

Бишкек шаарында — 211, Ош шаарында — 5, Чүй облусунда — 83, Ош облусунда — 3, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 25, Баткен облусунда — 2 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 2 жана Ысык-Көл облусунда 1 бейтап каза болду.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X