COVID-19: Вирус дагы 91 кишиден аныкталды. 3 бейтап каза болду
4-ноябрга караган суткада Кыргызстанда коронавирус дагы 91 адамдан аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык:
Бишкек шаарында — 42, Чүй облусунда — 22, Ош облусунда — 4, Талас облусунда −3, Ысык-Көл облусунда — 14, Жалал-Абад облусунда — 2, Баткен облусунда — 4 адамдан илдет табылган.
Сутка ичинде Бишкек шаарында — 2 жана Чүй облусунда — 1 бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 653 бейтап, амбулатордук түрдө 782 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 181 миң 590 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 175 миң 953 киши айыгып чыкса, 2 миң 679 адам каза болду.