COVID-19: Вирус дагы95 кишиден аныкталып, 3 бейтап каза болду
16-сентябрга караган суткада Кыргызстанда коронавирус дагы 95 адамдан аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык:
Бишкек шаарында — 57, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 23, Нарын облусу — 1, Ысык-Көл облусунда — 8, Жалал-Абад облусунда — 4 адамдан илдет табылган.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте- 2, Нарын облусунда-1 бейтап каза болду.
2020-жылдын март айынан бери 177 миң 484 адамдан коронавирус аныкталып, 171 миң 902 киши айыгып чыкса, 2 миң 581 адам каза болгон.