Дөөлөт Сыдыков Москвада 5 күн, 5 түн Манас айтат

Дөөлөт Сыдыков 5 күн, 5 түн Манас айтып, Гиннес рекорддор китебине кирүүгө аракет жасайт. Бул тууралуу Эркин -Тоо kg сайтына уюштуруучулар тобунун жетекчиси Гүлзар Кокенова билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата манасчы Дөөлөт Сыдыков Кыргызстандын Москвадагы элчилигинде 5 күн, 5 түн Манас айтып, Гиннес рекорддор китебине кирүүгө аракет жасайт. Иш-чара Москвадагы кыргыз диаспара кеңеши, Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулууда», — деп белгиледи Кокенова.

Гиннес уюмунун жобосуна ылайык, бир сутканын ичинде 2 сааттык тыныгуу берилиши күтүлүүдө.
Анын айтымында, Москвага Дөөлөт Сыдыковду коштоп, Гиннес уюму менен тыгыз сүйлөшүүнү колго алган Солтобек Болотбеков, иш-чараны уюштуруу боюнча жетекчи
Гүлзар Кокенова, иш-чараны уюштуруу боюнча жетекчи.Филология илимдеринин доктору, Манас таануучу, профессор -Жылдыз Орозобекова, «Дөөлөт Манасчы» тасмасынын режиссеру Ырыс Окенова, режиссер, тасмага түшүрүү боюнча адис Күлчоро Нурсейитов, келишкен.
Гиннес уюмунун жобосуна ылайык, бир сутканын ичинде 2 сааттык тыныгуу берилиши күтүлүүдө.
Эске салсак, өткөн жылы Дөөлөт Сыдыков Бишкек шаарында 14 саат 27 мүнөт Манас айткан. Команданын бир бөлүгүнүн катачылыгынан улам, анда Гиннеске катталууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Бул жолу жаңы түзүлгөн команда иш алып барууда.

30-август, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Маданият 27
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X