Дөөлөт Сыдыков Москвада Манас айта баштады

31-август, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Коом 29

Бүгүн, 31-августта Москвадагы кыргыз диаспорасынын жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин колдоосу менен элчиликтин имаратында Манасчы Дөөлөт Сыдыковдун 5 күн 5 түн Манас айтуусу башталды. Бул тууралуу «Эркин-Тоого» уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка ылайык, элчиликтин имаратында салтанаттуу иш-чара өтүп, элчи Гүлнара-Клара Самат мекендештерди Эгемендүүлүктүн 30 жылдык мааракеси менен куттуктап, Дөөлөт Сыдыковго ийгилик каалады. Москва шаарындагы мекендештер да манасчыга ыраазычылык билдирип, ак батасын беришти.
Дөөлөт Сыдыков узак мөөнөткө Манас айтып Гиннес рекорддор китебине кирүүгө аракет кылат. Ал Манас айтаар алдында президент Садыр Жапаров ага Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын бергени маалым болду.
Эске салсак, Дөөлөт Сыдыков буга чейин 14 саат 27 мүнөт тынымсыз Манас айткан болчу.

31-август, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Коом 29
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X