Дайынсыз болуп жаткан Саида Исмаилова табылды

17-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 23

Буга чейин дайынсыз болуп жүргөн 2004-жылы туулган Саида Исмаилова милиция кызматкерлери тарабынан табылды.

Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам издөө иш-чаралардын натыйжасында, Саида Исмалова 2021-жылдын 16-август күнү Ош шаарындагы батирлердин биринен жигити менен бирге табылган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

«Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн үйдөн чыгып кеткен фактыларын алдын алуу максатында, ата-энелер өспүрүмдөргө өзгөчө көзөмөл кылуулуры керектелет. Ата-энелер балдары менен ар дайым баарлашып, алардын көйгөйлөрү тууралуу билүүсү жана убагында туура кеңеш берүүсү зарыл. Балдардын үйдөн чыгып кетүүсү көбүнчө ата-энелер менен болгон пикир келишпестиктен жана түшүнбөстүктөрдөн улам келип чыгат. Андыктан балдар менен туура баарлашып, аларга түшүнүү менен мамиле кылуу абзел»,- деп КР ИИМ эскертет.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X