Дайырбек Орунбеков: «Үч жыл ичинде бүтүндөй система өзгөрдү…»
Үч жыл ичинде бүтүндөй система өзгөрдү… Бул тууралуу маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып, Президенттин Иш башкармасы Каныбек Туманбаевдин 3 жыл ичинде жасаган иштери тууралуу маалымат берди.
«Туманбаевдин кызматтагы үч жылы: Президенттин Иш башкармасы кандай жыйынтык көрсөттү?
Үч жыл ичинде бүтүндөй система өзгөрдү…
2022-жылы Каныбек Туманбаев Президенттин Иш башкармасынын жетекчиси болуп дайындалганча, бул мекеме тейлөөчү гана кызмат катары кабылданып келген. Бирок Президент Садыр Жапаров ишеним артып, түз колдоо көрсөткөндөн кийин бул структура чыныгы мамлекеттик механизмге айланды.
Президенттин Иш башкармасы үч жыл ичинде ондогон курулуштардын, реформалардын, санариптик өзгөрүүлөрдүн жана финансылык туруктуулуктун негизги аткаруучусуна айланды. Жыйынтыктар сөз менен эмес, иш менен далилденди.
Жаңы Президенттик Администрация — өзгөрүүлөрдүн символу.
Кыргыз Республикасынын Президенттик Администрациясынын жаңы имараты болгон «Ынтымак-Ордо» Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен, Президенттин Иш башкармасы тарабынан ишке ашырылган ири мамлекеттик долбоорлордун бири болуп калды. Имарат кыска мөөнөттө курулуп, бүгүн өлкө башкаруусунун заманбап борборуна айланды. Санариптик чечимдер, энергияны үнөмдөөчү системалар жана функционалдык пландаштыруу менен жабдылган бул комплекс ачык-айкын жана натыйжага багытталган бийликтин жүзү катары кабыл алынууда. Жүздөн ашык бүткөн же оңдолгон объект — бул башталышы гана.
Үч жыл ичинде Президенттин тапшырмасынын негизинде, Президенттин Иш башкармасы тарабынан 100дөн ашык объект курулуп же капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Алардын арасында оорукана, мектеп, спорт залдар, маданий жайлар, мамлекеттик мекемелер жана реабилитациялык борборлор бар. Ар бир бүткөн объект — өлкө өзгөрүп жатканын тастыктаган жандуу мисал.
Ири курулуштар ишке ашып жатат.
Бишкекте 51 миң орундуу улуттук стадиондун курулушу жүрүп жатат. Президент Садыр Жапаров өзү баштаган бул долбоор келечек муундар үчүн маанилүү белек болуп калат.
Мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында 62 миң батирдин курулушу башталып, бүгүнкү күндө 3 миңден ашык үй-бүлө өз үйүнө ээ болду. 20 жылдан бери токтоп турган Улуттук банктын имараты дагы соңуна чыгып калды. Коомдук жана социалдык чөйрө өзгөрүүдө. Президенттин тапшырмасы менен, элге түздөн-түз тиешеси бар социалдык жана маданий объектилерди жаңыртуу иштерин Президенттин Иш башкармасы ырааттуу жана жоопкерчилик менен ишке ашырып жатат.
Реабилитациялык борборлор, оорукана, билим берүү мекемелери заманбап шартта кайрадан ишке берилүүдө. Жаңы эс алуу аймактары, сейил бактар, маданий жайлар курулуп, жарандар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз чөйрө калыптанууда.
Мындай өзгөрүүлөрдүн ачык мисалы — “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркындагы жаңылануу. Бул жерде экотропалар, амфитеатр, санариптик тейлөө, жаңы эс алуу зонасы курулуп, парк заманбап форматта элге кайтарылды.
Көп нерсе сөз эмес, иш менен далилденди:
2021-жылы мекеменин кирешеси 586,7 млн сом болсо, 2024-жылы — 8,3 млрд сом. Ал эми 2025-жылга план — 11,1 млрд сом. Быйыл эле, төрт айда — 4,1 млрд сом түшкөн. Башкача айтканда — 16 эсе өсүш болгону 2,5 жылда.
Санариптик реформалар — системалуу негизде.
“Кызмат” мамлекеттик мекемеси Президенттин Иш башкармасынын карамагына өткөрүлүп, мамлекеттик кызмат көрсөтүү системасы толук реформалана баштады. Жаңы IT-бөлүмү түзүлдү. Учурда 7 кабаттуу заманбап IT-борбордун курулушу жүрүп жатат. “Түндүк” платформасы да кайра каралып, толук жаңыланууда. Бүгүн ал мурдагыдай жөн гана маалымкаттык кызмат эмес.
Жакынкы убакта “Түндүк” жарандар үчүн бардык мамлекеттик кызматтарды бир платформа аркылуу сунуштаган санариптик экосистема катары иштей баштайт. Мында бюрократиясыз, кезексиз, тез жана ачык форматтагы мамлекеттик тейлөө негизги принцип болот.
Бул иштердин аркасында эң негизги фактор — Президент Садыр Жапаровдун саясий эрки, ишеними жана түз колдоосу.
Ал тапшырма гана эмес, ишеним да берди. Натыйжада жоопкерчиликти алган команда иш менен сүйлөй баштады.
Үч жылда жасалган иштер — бул чоң өзгөрүүнүн башаты гана.
Бүгүн Президенттин Иш башкармасы — бул жөн гана чарбалык орган эмес, өлкөнүн келечегин курууда жетекчи ролду аткарып жаткан стратегиялык мамлекеттик түзүм.»