Дамир Осмонов Ош жана Баткендеги ооруканалардын абалы менен таанышты
Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Ош жана Баткен облустарында иш сапары менен жүрөт. Ал медициналык мекемелердин абалы жана курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Иш сапардын алкагында министр Ноокат районундагы Үй-бүлөлүк медицина борборунун курулушун көрүп, Кызыл-Кыя жана Үч-Коргон жалпы дарыгерлик практика борборлорунун ишмердүүлүгүнөн кабар алды.
Министр медициналык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана калкка көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурду.