Бүгүн, Эквадордо президенттик шайлоо өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка караганда, учурдагы президент Даниэль Нобоа кайрадан төрт жылга Эквадордун президенти болуп шайланды. 37 жаштагы Даниэль Нобоа 55,92 пайыз добушка ээ болгон.
Нобоа бийликке келгенине дээрлик бир жарым жыл болгон. 2023-жылы күзүндө ал мөөнөтсүз шайлоодо жеңип, Эквадордун тарыхындагы эң жаш лидер болгон.
Шайлоонун жыйынтыгы белгилүү болгонун билгенден кийин, ал Санта Елена провинциясындагы резиденциясынан билдирүү жасап, колдоочуларына ыраазычылык билдирген.
“Бул жеңиш тарыхый болду. 10 упайдан ашык айырма менен алдыга чыктым”, — деди ал.
Белгилей кетсек, Нобоа өлкөнүн эң бай адамдарынын бири Альваро Нобоанын уулу, ал дагы бир нече жолу президенттикке ат салышып, бирок жеңишке жетише алган эмес.