Дары-дармекти арзан саткан дарыканалар пайда болот
Арзандатылган баада дары саткан дарыканалар Ош шаарында уюштурулмакчы. Бирок, алардын кызматынан мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон жарандар гана пайдалана алышат. Дарыканалар шаардагы Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун филиалдарына ачылат. «Дары-дармектер шаардагы 1-2-3-топтогу мүмкүнчүлүгү чектелгенгерге 30%, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 25%, башка жарандарга рецепттер болгон учурда чекене баадан 10% арзан баада сатылат»,-делет Ош шаарынын мэриясы тараткан маалыматта.