«Дашман» коругунун макамын өзгөртүү маселеси көтөрүлдү
Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбековдун демилгеси менен 2026-жылдын 9–11-октябрь күндөрү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы «Дашман» мамлекеттик жаратылыш коругунун учурдагы абалы менен жеринен таанышуу жана жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн угуу максатында иш сапар уюштурулду.
Иш сапарга Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун жана Илимий-өндүрүштүк токой борборунун илимий кызматкерлери, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин эксперти, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери, коруктун жана чектеш токой чарбаларынын кызматкерлери, ошондой эле айыл тургундары катышты.
Аталган маселе 2026-жылдын 21-сентябрында, Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында көтөрүлгөн. Анда депутат Айбек Алтынбеков «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аткарылышы тууралуу маселени кароодо жергиликтүү шайлоочулардын көйгөйлөрүнө токтолуп, «Дашман» мамлекеттик жаратылыш коругунун макамын мамлекеттик жаратылыш паркына өзгөртүү боюнча Министрлер кабинетинин токтомун кабыл алуу маселесин кароону сунуштаган. Депутаттын сунушу комитеттин чечиминин жана Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорлоруна киргизилип, тиешелүү документ кабыл алынган.

Белгилей кетсек, «Дашман» мамлекеттик жаратылыш коругу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июлундагы № 482 токтому менен түзүлгөн. Коруктун уюштурулушу менен Арстанбап-Ата айыл аймагына караштуу Гумкана, Кызыл-Үңкүр, Арстанбап, Көк-Алма, Ооган-Талаа, Чарбак, Кызыл-Суу жана Жарадар айылдарынын жашоочулары үчүн бир катар көйгөйлөр жаралган. Анын натыйжасында жергиликтүү калк менен коруктун кызматкерлеринин ортосунда айрым маселелер боюнча пикир келишпестиктер орун алып келет.
Бул көйгөйлөрдү чечүү максатында буга чейин да Жогорку Кеңештин жыйындарында жана тиешелүү комитеттерде коруктун макамын өзгөртүү маселеси бир нече жолу көтөрүлүп, аткаруу бийлигине тиешелүү сунуштар берилген. Бирок жергиликтүү тургундардын айтымында, маселе бүгүнкү күнгө чейин толук чечиле элек.
Кыдыруунун жүрүшүндө Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Алтынбек Бектуров баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар коруктун учурдагы макамы алардын күнүмдүк жашоо-тиричилигине бир катар чектөөлөрдү жаратып жатканын билдиришти. Алар коруктун макамын мамлекеттик жаратылыш паркына өзгөртүү маселесин карап чыгып, мыйзам талаптарына ылайык токой ресурстарын пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү өтүнүштү.
Ошондой эле жергиликтүү тургундар менен бийлик өкүлдөрүнүн пикирлери угулуп, коруктун аймагындагы жаратылышты коргоо талаптарынын сакталышы, токой ресурстарын пайдалануу жана жергиликтүү калктын кызыкчылыктарын эске алуу маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында депутат Айбек Алтынбеков Улуттук илимдер академиясынын илимий кызматкерлерине жеринде аныкталган жагдайлар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана тургундардын кайрылуулары тууралуу маалыматтарды Академиялык кеңештин кароосуна объективдүү жеткирүүнү өтүндү.
Өз кезегинде илимий кызматкерлер коруктун учурдагы абалына байланыштуу айтылган маселелерди илимий жактан карап чыгуу жана анын макамын өзгөртүү сунушун Улуттук илимдер академиясынын Академиялык кеңешинин жыйынында талкуулоо зарылдыгын белгилешти.