Дем алыш күндөрү үшүк жүрөт

30-март, 2023-ж. / Редакция / Аба ырайы 28
Дем алыш күндөрү өлкө аймагында үшүк жүрөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
1-3-апрелде түнкүсүн жана эртең менен үшүк жүрөт. Чүй облусунун тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-2 градус суук болот.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3 градус болот.
Мындай аба ырайы данектүү мөмө бактардын бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө коркунуч келтирет.
30-март, 2023-ж. / Редакция / Аба ырайы 28
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X