Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Чыңгыз Ажыбаев Мьянмада жети кыргызстандык кулчулукка кабылганын билдирди.
«Социалдык тармактардан 7 кыргызстандык Мьянмада кулчулукка кабылгандыгы тууралуу маалымат окудум. Алар Кыргызстанга жөнөтүлгөн деп жатышат. Бул маселени иликтеп, бизге маалымат берүүнү суранам», — деди Ажыбаев.
Депутат департаменттен жана президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлүнөн аталган жарандар тууралуу маалымат берүүнү суранды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Ализа Солтонкулова аларда мындай маалымат аларда жок экенин белгиледи.