Депутаттар мобилдик камсыздандыруу кызматтары менен таанышты

10-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 16

Жогорку Кеңешнин “Ала-Тоо” депутаттык тобу «Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму» ААКсында көчмө жыйын өткөрүп, мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Жыйындын жүрүшүндө депутаттар уюмдун автопаркы, авариялык комиссарлардын 24 сааттык кызматы жана мобилдик офистердин иши тууралуу маалымат алышты. Уюм төрагасы Элдияр Калдарбеков мобилдик кызматтар өлкөнүн бардык аймактарында иштеп, калкка жеринде тейлөө көрсөтүп жатканын билдирди.

Ошондой эле камсыздандыруу тармагындагы мыйзам долбоорлору, анын ичинде жер титирөө сыяктуу табигый кырсыктарга байланыштуу камсыздандыруу шарттарын жеңилдетүү маселеси талкууланды. Демилгелерди колдоого даяр экенин “Ала-Тоо” тобунун төрагасы Талайбек Масабиров белгиледи.

Жыйынтыгында депутаттар уюмдун ишин жогору баалап, тармакты өнүктүрүүгө жана калкка багытталган долбоорлорду колдоону улантарын билдиришти.

10-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 16
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X