ДКО-2026: Оюндарга 200дөн ашык транспорт тартылды
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында катышуучуларды жана конокторду ташуу боюнча транспорттук тейлөө иштери уюштурулду.
Транспорттук камсыздоого Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун алдындагы «ГОУБАС» ЖЧКнын компаниясынын 200дөн ашык транспорт каражаты тартылып, белгиленген маршруттар боюнча күнү-түнү үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүлдү.
Жоопкерчиликтүү жана үзгүлтүксүз иш алып барган «ГОУБАС» компаниясынын жетекчилигине, айдоочуларына жана жалпы жамаатына VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ийгиликтүү өтүшүнө кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.