“Дөөлөт курулуш”: Нурдан Орунтаев курулуш жана батир баасы тууралуу айтты

15-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 119

Бүгүн, 15-октябрда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарындагы “Дөөлөт курулуш” компаниясынын “Кудайберген” турак жай комплексинде үлүш ээлери менен жолугушту.

Жолугушууда министр курулуштун жүрүшү, батирлердин наркы тууралуу маалымат берип, объектти 1,5-2 жылда толук бүткөрүү пландалып жатканын белгиледи.

Анын айтымында, эки жума мурун объектте 100–150 жумушчу иштеп жатса, бүгүнкү күндө алардын саны 230дан ашты. Учурда бардык блоктордо курулуш жүрүп, иштердин сапаты жана ар бир этабы министрликтин көзөмөлүндө.

Жолугушууда батирлердин чарчы метринин баасы боюнча да түшүндүрмө берилди.

“Мурдагы 750 долларлык баа менен токтоп калган курулушту аягына чыгаруу мүмкүн эмес. Бардык чыгымдарды эсептегенде баа 1000 доллардан да ашып кетмек. Биз аны мүмкүн болушунча минималдуу деңгээлде кармоого аракет кылдык. Сатыла элек блоктордун бирин сатыкка коюп, түшкөн каражатты курулушка багыттоо жагы да каралды. 920 доллар — бул курулуштун өздүк наркы гана. Бул жерде эч кимдин пайда табуу максаты жок. Негизги максат — токтоп калган курулушту бүткөрүп, үлүш ээлерин батирлерине киргизүү”, — деди Нурдан Орунтаев.

Министр банкроттук абалга келген компаниянын токтоп калган курулушун кайра жандандырып, толук бүткөрүү чоң жоопкерчиликти талап кыларын белгиледи. Ошондой эле үлүш ээлеринин буга чейин төлөгөн каражаттары кайра эсептелип, ар бир келишим өзүнчө караларын айтты. Калган төлөмдүн суммасы аныкталгандан кийин, ал үч жылга бөлүштүрүлөт. Бул шарттар учурдагы үлүш ээлерине гана тиешелүү болуп, жаңы батир сатып алууну каалагандар үчүн турак жайлар базар баасында сунушталат.

Жолугушуу үлүш ээлери тарабынан берилген суроолор менен коштолду.

Белгилей кетсек, “Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилеринде курулуш иштерин жандандыруу аракеттери 2026-жылдын февраль айында башталган. Анын алкагында компаниянын 99 пайыздык үлүшү Курулуш министрлигине караштуу “Курулуш дирекциясына” өткөрүлүп, тиешелүү мамлекеттик реестрге катталган.

15-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 119
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X