Dordoi Plaza соода борборунда аялга кол көтөргөн киши кармалды -ВИДЕО
Dordoi Plaza соода борборунда аялын сабаган киши кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгы билдирди.
Окуяга тиешеси бар К.А. аттуу 28 жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Эске салсак, буга чейин Dordoi Plaza соода борборунун унаа токтотуучу жайында аял кишини сабаган эркектин видеосу социалдык тармакта таркаган. Анын негизинде «Бейбаштык» беренеси менен иш козголгон.