Кемин районунда досун сабап өлтүрүүгө шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Кемин шаарынын тургундары К.Р, А.Ф. жана анын А.Э. аттуу теңтуштар спирт ичимдигин ичип, суу сактагычтын жээгинде эс алышкан. Натыйжада алардын ортосунда мушташ чыгып, А.Э. аттуу 1985-жылы туулган жаран сабалып, ооруканага түшкөн. Ал эки күн өткөндөн кийин ооруканадан каза болгон.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Бул кылмышка шектүү катары жогорудагы эки жаран кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.