Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында лидерлерге кандай тамактар берилди?

1-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 63

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Бишкектеги ачылыш аземинде мамлекет башчыларына атайын меню сунушталды. Аны казакстандык журналист Адиль Балтабаев көрсөттү.

Жеңил тамактар жана салаттар: Лосось жана ышталган форель, жашылчалардан жасалган мозаика, фермердик сыр кошулган өрдөктүн боору, салттуу ыкмада ышталган эт азыктарынан ассорти, жаңгак кошулган сезондук жашылча композициясы.

Негизги тамактар: курут соусу менен топоздун этинен жасалган равиоли, өрдөк эти, кара икра кошулган сибас, кара трюфель менен жай отко бышырылган уй эти.

Десертке чычырканак муссу кошулган ванилдүү крем-брюле берилген.

Менюда кыргыздын улуттук даамдары заманбап ресторандык ыкмада сунушталганы көңүл бурду.

1-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 63
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X